Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 785 | 0

20-21-22-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалым болгондой, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар жаайт.

21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Аба сууйт.

22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында үшүк жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM