Биз менен байланышыңыз

Абхазиялык унааларга өкмөт атайын комиссия түзүүнү сунуштап жатат

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 745 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Өкмөт үйүнүн алдына 150гө чукул абхазиялык унаалардын айдоочулары митингге чыккан. Бир аз убакыттан кийин аларга өкмөттүн өкүлдөрү чыгып, маселелерди мыйзам чегинде чечүү үчүн эки тараптуу комиссия түзүүнү сунушташты.

Митингчилер 40ка жакын абхазиялык унааны айып төлөөчү жайдан азыр чыгарууну бийликтен талап кылышууда. Алар талаптары аткарылмайынча кетпей тура беришерин айтышууда.

Өкмөттүн өкүлдөрү дагы бир жолу унааларды бошотуу мүмкүн болбой турганын, мыйзам ага жол бербесин эскертишти.

Эске салсак, бүгүн айдоочулар бешинчи жолу митингге чыгышты.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына таянып айтсак, унааларды алып келүүдө Кыргызстанга бажы алымы (пошлина) төлөнгөн эмес, баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөн эмес, дагы ушул сыяктуу Кылмыш-жаза кодексинде каралган бир катар мыйзам бузуулар болгон.

Ал эми, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, алар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен республиканын аймагына ташылып келгендиктен, катталууга жарабайт.

«Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу автоунааларды баштапкы каттоого тыюу салынгандыгын билдиребиз», — деген Юстиция министрлиги.

Ошондой эле нотариустарга абхазиялык номур менен ташылып келген автоунааларга байланыштуу ишеним каттарды бербөө тапшырмасы берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM