Биз менен байланышыңыз

Эки жумада 34 миң тоннадан ашуун азык-түлүк экспорттолду

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 741 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик-фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен 16-апрелине чейин 34 миң 70 тонна,23 центнер азык-түлүк экспортко чыгарылган.

ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон өндүрүмдүн үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана эрежелери сакталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM