Биз менен байланышыңыз

Абхазиялык унаалардын айдоочулары кайра митингге чыгышты

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 844 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарында айдоочулар митингге чыкты. Чогулгандар Абхазиянын мамлекеттик номуру менен жүргөн унааларды пайдаланууга уруксат берүүнү талап кылышууда.

Учурда 150гө жакын айдоочу ар кандай ураан кагаздарды көтөрүп, Өкмөт үйүнүн алдында турат.

Бүгүн айдоочулар бешинчи жолу митингге чыгып жатышат. Алар унааларды айып төлөөчү жайдан чыгарып берүүнү жана унааларды мамлекетке кайра каттоого уруксат берүүнү өтүнүп жатышат.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына таянып айтсак, унааларды алып келүүдө Кыргызстанга бажы алымы (пошлина) төлөнгөн эмес, баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөн эмес, дагы ушул сыяктуу Кылмыш-жаза кодексинде каралган бир катар мыйзам бузуулар болгон.

Ал эми, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, алар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен республиканын аймагына ташылып келгендиктен, катталууга жарабайт.

«Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу автоунааларды баштапкы каттоого тыюу салынгандыгын билдиребиз», — деген Юстиция министрлиги.

Ошондой эле нотариустарга абхазиялык номур менен ташылып келген автоунааларга байланыштуу ишеним каттарды бербөө тапшырмасы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM