Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1051 | 0

Бүгүн, 19-апрелден тарта Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Маалым болгондой, борбор калаада коронавирус жалпы 29 окуучудан жана 22 мугалимден табылган.

«Ооругандар көбөйүп жатат. Карантинге кеткен 4 мектеп 3-майга чейин жабылды. Эгер окуу жайда 2ден ашык кызматкерден илдет табылса, анда карантинге жабылат», — дейт ал.

Иманалиева апрель айынан бери 7 мектеп кайра онлайн режимге өткөнүн белгиледи.

«21-апрелде №13 мектеп, 22-апрелде эки мектеп, 24-апрелде бир жана 26-апрелде калган мектептер ачылат», — деп билдирди Иманалиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM