Биз менен байланышыңыз

Зулпукаров: «Мамлекеттик лотерея» компаниясы пайда алып келбей калды

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1000 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковго кайрылып, Мамлекеттик лотерея компаниясынын ишине нааразычылыгын билдирди.

Зулпукаров Мамлекеттик лотерея компаниясы 3 жылда эч бир пайда алып келбегенин айтты.

«Сиздер 3 жылда ушул компаниядан 600 миллион сом мамлекеттик бюджетке киргизебиз деп айткансыздар. Бүгүнкү күндө бир тыйын киреше түшкөн жок, пайдасы жок. Ал компания бүгүн керекпи, кереги жокбу? Иштейби же иштебейби?», — деди Зулпукаров.

Берилген суроого Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул компания менен маселе аябай көп экенин, кененирээк маалыматты Мамлекеттик ишканалар боюнча отчетунда берерин айтты.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров лотерея компаниясы боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик лотерея» компаниясы боюнча иштер жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү жаңы жетекчиси боюнча чечим кабыл алынат», — деди Бакиров.

Ошондой эле ал 2020-жылы лотерея компаниясы 7,5 миллион сом дефицит менен чыкканын айтып, быйылкыга пайда менен чыгуу үчүн иш пландар көргөзүлүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, кумар оюндары жокко чыгарылгандан кийин 2016-жылы «Мамлекеттик лотерея» компаниясы түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM