Биз менен байланышыңыз

Бир суткада коронавирус 212 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 821 | 0

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус дагы 212 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалым болгондой, Бишкекте – 152, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында – 4, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 149 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1246 бейтап, амбулатордук түрдө 1270 адам дарыланууда. 851 бейтаптын абалы орто оордукта, 311 адамдын абалы оор жана 53 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 356 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 272 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 95 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 56 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 555 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM