Биз менен байланышыңыз

Ош-Баткен-Исфана жолун Өкмөт башчы өз көзөмөлүнө алган

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 828 | 0

Ош-Баткен-Исфана автожолун оңдоп-түзөө иштерин премьер-министр Улукбек Марипов жеке көзөмөлүнө алган. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жол салуу Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) донорлук кылган «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Мунун негизинде алына турган кредиттин суммасы болжол менен 116.47 млн. АКШ долларын түзөт, мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен болжол менен 16,88 млн. АКШ доллар бөлүнөт.

Учурда «Central Consultant» консультациялык компаниясы тарабынан аткаруучу компанияны тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон. Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, аткаруучу компанияны тандоо башталат. Ал иштер сентябрь-октябрь айында бүткөрүлүп, жол салуу башталат.

Долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып, эки компонентти камтыйт:

  1. Жалпы узундугу 47 чакырымды түзгөн Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесинин 28-75 чакырымын кайра калыбына келтирүү;
  2. Бишкек-Ош жол тилкесиндеги табият кырсыктарына бөгөт коюу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM