Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 10 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 886 | 0

Кыргызстанда 10 миңден ашуун жаран COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыгерлерден тышкары мугалимдер жана коопсуздук кызматкерлери да эмдөөдөн өтүп жатат.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 пункт ачылган. Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдын «SinoPharm» вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Аны менен 75 миң адам эмделет. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM