Биз менен байланышыңыз

Ханзаада Филипп менен коштошуу зыйнаты (фото)

Блог , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 1188 | 0

Ханыша Елизавета IIнин 9-апрелде каза болгон жубайы принц Филиптин тажыясы Улуу Британияда өттү. Прицтин сөөгү салынган табыт Виндзор сепилинен Георгий чиркөөсүнө жеткирилди. Табыттын артынан падышанын үй-бүлө мүчөлөрү ээрчип жөнөштү. Коронавирустун айынан чиркөөдө акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендердин саны чектелүү болду.


Коштошуу зыйнаты телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлдү. Герцогдун сөөгү салынган табыт Виндзор сепилинин жанындагы падышалык үйдүн Георгий чиркөөсүнө алып барылды. Маркумду акыркы сапарга узатууда табыттын артынан сарайдын жогорку даражалуу кызматкерлери жана падышанын үй-бүлө мүчөлөрү: герцогдун балдары ханзаада Чарльз, Эндрю, Эдуард жана принцесса Анна, ошондой эле герцогдун неберелери ханзаада Уильям жана Гарри келишти.

Каныша артынан Bentley State Limousine унаасы менен барды.

Табытты Land Rover Defender 130 үлгүсүндөгү унаа менен ибадатканага алып барышты. Герцог жеке өзү маркумду акыркы сапарга узатууга ылайыкташтырган. Британиялык Land Rover компаниясы 2003-жылы Defender 130 чыгарган. Ошол эле жылы герцог аны өзүнүн сөөгүн коюуга уюштура баштаган. Ал дизайнга акыркы өзгөртүүнү 2019-жылы жасаган. Тактап айтканда, герцогдун өтүнүчү менен унаа «армия» жашыл түскө боёлуп, кузову ачык калтырылып, табытты көтөрүп жүрүү үчүн атайын база орнотулган.

Герцог менен коштошуу салтанатына жүздөгөн аскер кызматкерлери катышты. Алардын арасында ханзаада Филипп тейлеген Британиянын Королдук Флотунун өкүлдөрү, ошондой эле Шотландиялык Гвардия полкунун жана Королдук Аба күчтөрүнүн өкүлдөрү болду. 

Салтанат учурунда Падышачылык атчан артиллериясы замбиректерден ок чыгарды.


Коронавирус пандемиясынан улам чиркөөдөгү салтанатка 30 гана адам катышууга уруксат алышты. Виндзор деканы менен Кентерберинин архиепископунан башка, катышуучулардын арасында үй-бүлө мүчөлөрү жана маркумдун жакын достору гана болду.

Герцогдун неберелери (ал өтө эле жаш болгондуктан) жана ханзаада Гарринин жубайы Меган Маркл (кош бойлуу болгондуктан, доктурлар анын АКШдан учуп кетишине мүмкүнчүлүк бере алышкан жок) салтанатка катыша алышкан жок. Жаназа окулган соң, герцогдун сөөгү коюлган табыт падыша сарайына коюлду.

Принц Филип 9-апрелде 99 жашында көз жумган. Ал өзүнүн жүз жылдыгын көрө алган жок (ага эки ай калган). Анын көзү өткөндөн кийин, өлкөдө сегиз күндүк аза күтүү жарыяланып, падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнө 14 күндүк аза күтүштү. Принц Филип каза болгон күнү Британиянын телеканалдары программаларын өзгөрттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM