Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландия 5 жылда тамеки өнүмдөрүнөн толук баш тартат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 777 | 0

Жаңы Зеландия 2025-жылга чейин тамеки өнүмдөрүнөн толук баш тартууну пландаштырууда.

Өкмөттүн тамеки тартууга каршы планы тамеки сатууну акырындык менен чектөө, никотиндин деңгээлин төмөндөтүү, тамекиге туруктуу бааларды белгилөө жана тамеки саткан дүкөндөрдүн санын кыскартуу чараларын камтыйт.

Ошондой эле, 2004-жылдан кийин туулган жарандарга тамеки заттарын сатууга тыюу салуу сунушталууда.

Өкмөттүн бул демилгеси саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан колдоого алынды.

Бирок өкмөттүн демилгесин сындагандар дагы табылды. «Бул чектөөлөрдүн терс натыйжалары болот» дешет алар. Тактап айтканда, чакан дүкөндөр банкрот болуп, тамекинин кара базары гүлдөп кетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, бийлик жарандардын жеке жашоосуна кийлигишкен деп айыпталууда.

Маалыматтарга караганда, Жаңы Зеландияда күнүнө жарым миллиондой адам тамеки өнүмдөрүн колдонушат. Жыл сайын өлкөдө тамеки чегүүдөн улам 4500гө жакын адам көз жумат. Тамеки тартуу Жаңы Зеландияда рак илдетинен өлүмдүн төртүнчү орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM