Биз менен байланышыңыз

Дүйнө: Коронавирустан каза болгондордун саны 3 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 899 | 0

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө Covid-19 пандемиясынын кесепетинен каза болгон адамдардын саны үч миллиондон ашты. Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 140 миллиондон ашык учур катталды.

Коронавирус менен ооругандардын өлүмүнүн эң көп саны АКШда катталган — 566 миңден ашуун адам.

Апрель айынын башында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебресиесус дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны көбөйгөнүн жарыялаган.

«Биз азыр жети жума катары менен оорулардын көбөйүп жаткандыгын жана төрт жуманын ичинде өлүмдүн көбөйгөнүн көрүп жатабыз», — деди Гебрейесус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM