Биз менен байланышыңыз

Чүйдө Каныбек уулу Байсалбек изделип жатат

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 937 | 0

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 21 жаштагы Каныбек уулу Байсалбек изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2000-жылы туулган Байсалбек 11-апрелде Студентческое айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Бою 168-169 сантиметр, кыска тегизделген кара чачтуу. Үйүнөн чыккан күнү кара күрмө, жеңи узун чатыраш көйнөк, кара жынсы шым жана кара туфли кийип жүргөн.

Милиция жоголгон бала тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:

  • Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, 43-88-85;
  • Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 60-75-67;
  • Издөө тобу — (0558) 86-14-86, (0701) 80-18-03.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM