Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө бир мектеп карантинге жабылды

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 869 | 0

Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы А. Осмонов атындагы Билим-Ордо мектеп-комплекси 10 күндүк карантинге жабылды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалым болгондой, мектептеги айрым класстардын окуучуларынан жана мугалимдеринен коронавирус табылган. Мындан улам 1-2-9-11-класстардын окуучуларын кадимки режимде, ал эми калганын онлайн режимде окутуу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу чыкты.

Белгилей кетсек, мектепте окуучудан же мугалимден вирус табылса, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ыкчам иштер жүргүзүлөт. Мектепти онлайн режимге өткөрүү ооруган баланын же ооруган мугалимдин катышына жараша эпидемиологдор тарабынан аныкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM