Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министри Орусияга иш сапар менен барды

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 881 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган Кыргызстандын өкүлчүлүгү Орусияга иш сапар менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

А. Бейшеналиев учурда Орусиянын ЖОЖдорунда 16 миңдей кыргызстандык студент билим алып жатканын белгилеп, Кыргызстан жогорку билим берүүдөгү эки тараптуу кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле ал ЖОЖдорго квоталардын санын 750гө чейин көбөйтүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Алардын ичинен 200 орун педагогикалык адистиктерге, 50 орун жетим жана кароосуз калган балдарга бөлүнмөкчү.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө А. Бейшеналиев эки өлкөнүн жогорку билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү максатында бир катар маселелерди карап чыгууну сунуштады:

  • Кыргыз-орус илимий фондун түзүү;
  • Биргелешкен билим берүү программаларын жана кош диплом программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү;
  • Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында билим алган студенттер үчүн Орусия Федерациясынын ири шаарларында жайгашкан окуу жайларда практика өтүүнү уюштуруу;
  • Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүк ишин күчөтүү;
  • Эки өлкөнүн таланттуу студенттери үчүн биргелешкен жайкы лагерлерди уюштуруу;
  • Билим берүүнү санариптештирүү, жаңы көйгөйлөргө жогору технологиялык чечимдерди табуу үчүн билим берүүнү санариптик башкаруу системаларын киргизүү иштеринде кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM