Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова IV жолу Азия чемпиону аталды

Кыска кабар , Спорт | 17 Апр 2021 | 2385 | 0

Алматы шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кезектеги алтын медалды алып, IV жолу Азия чемпиону аталды.

62 килограмм салмакта кыз-келиндер эркин күрөшүнөн катышкан Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттеште Индиядан келген Сонам Сонам менен күрөшмөк, бирок индиялык спортчу беттештен баш тартты. Айсулуу андан кийин казакстандык Ирина Кузнецованы 11:1, кореялык Юнг Жин Квонду 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү.

Жарым финалда өзбекстандык Рушана Абдурасулованы 8:2 эсебинде жеңди. Финалда Монголиянын балбан кызы Болортуя Хурелхуну 11:0 эсебинде утуп алып, алтын медаль тагынды.

13-18-апрель аралыгында Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча  Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш жана Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль утуп алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM