Биз менен байланышыңыз

КМШ ПАнын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы Беларусь жазуучусуна берилди

Кыска кабар | 17 Апр 2021 | 941 | 0

КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы Беларусь Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философ жазуучу, профессор Владимир Гниломедовго ыйгарылды. Сыйлыкты Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ ПАнын 52-отурумунда Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов жана Орусия Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Беларусия Улуттук Жыйынынын өкүлү Виктор Когутка тапшырды.

Лауреат ден соолугуна байланыштуу Санкт-Петербург шаарына келе албагандыктан, видео байланыш аркылуу чыгып, улуу жазуучунун атындагы жогорку сыйлык ыйгарылганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул анын өмүрүндөгү чоң окуя экендигин белгилеп, 90-жылдардын ортосунда кыргыз жазуучусу менен кантип таанышканын айтып, «Мен аны адамдар кандай урматтаарын көрдүм, бир жагынан жөнөкөй киши, экинчи жагынан гений болчу», — деди.

Эске сала кетсек, КМШ ПАнын Кеңеши 2020-жылы онлайн режимде өткөн отурумда бир добуштан Владимир Гниломедовдун талапкерлигин колдогон. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу сыйлыкты эпидемиялык абал турукташкан соң, салтанаттуу тапшыруу сунушталган.

КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2012-жылы негизделип, жыл сайын КМШ өлкөлөрүндөгү жазуучуларга ыйгарылып келет. Алгачкы лауреаты Орусияда жарык көрүп келген «Литературной газеты» журналынын 2011-2017-жылдардагы башкы редактору, орус жазуучусу Юрий Поляков болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM