Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Президент менен министрдин «өзгөчө» табылгасы

Коом , Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1443 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри коронавируска каршы уу коргошун чөбүнүн кайнатмасы менен дарыланууну сунуштады. 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал акыркы шайлоолордон кийин өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандар кескин көбөйгөнүн айтты.

Андан кийин COVID-19 вирусуна каршы уу коргошун чөбүнүн кайнатмасын даярдап жатканын айтып, аны түз эфирде өзү да ысытып ичти. Дарылоонун мындай ыкмасын президент Садыр Жапаров сунуштаган. Учурда бул аракет катуу талкууга алынып жатат.

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, вирусту кайталап жугузуп алгандар катуу ооруп, каза тапкандар да күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Бирок өлкөгө карантин киргизилбейт.

Министр ооруканадагы «кызыл зонада» жаткан оор абалдагы бейтаптар менен сүйлөшкөндө, алар былтыр да ооругандарын айтышкан.

«Шайлоодон кийин коронавирус менен катталгандар көбөйдү. Себеби жарандар дарыгерлердин айткан сунуштамаларын эске албайт, социалдык аралык сакталбай, беткап режимин баары унутту. Оору күчөп жатат. Эгер бир күндө 50-60 учур катталып келген болсо, акыркы жолу 300 адамдан вирус чыкты. Эки ай мурда Чүй, Бишкек, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда ооругандардын саны бир ай, эки айлап жок болуп калган. Шайлоо өткөндөн кийин бардык облустарда каттала  баштады. Вирусту ташыгандар арабызда жүрүшөт, аларда оорунун белгилери байкалбайт», — деди министр.

Бейшеналиев басма сөз жыйынында коронавирус менен ооругандар көбөйгөндүктөн ага каршы уу коргошун чөбүнүн кайнатмасы менен дарылап жатканын жарыялады. Ага дарылоонун мындай ыкмасын президент Садыр Жапаров сунуштаган.

«2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган. «Учурда коронавирус оорусу менен ооруп жатышат. Ошол ооруну токтотуу үчүн кыргыз эли кылымдардан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду берсек айыгышат», — деген. Оорулар токтойт деген. Бирок ал кездеги президентибиз ал катты окуп да койбоптур.

Жапаров мага кайрылып, «Туугандарымды уу коргошун менен айыктырдым, сен да берип көрбөйсүңбү», — деген. Мен анда катардагы дарыгер элем. Мен да туугандарыма берип, аларды айыктырдым. Мен Жапаровго уу коргошундун дозасын даярдап берүүсүн айттым. Себеби анын атасы көп жылдан бери салттуу медицина менен алектенген адам экен. Баласына, Садыр Жапаровго кандай дозада даярдаганда адамга пайда келтирерин үйрөтүп кетиптир. 15 күндөн бери Жапаров өзү бизге кандай даярдоону көрсөттү», — дейт министр.

Уу коргошунду кантип колдонуу керектигин дарыгерлерге үйрөтүп, учурда бейтаптарга берип жатышат. Ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөн.

Министр кайнатманын дозасына жакшы көңүл буруу керектигин эскертет. Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошунду ысытып ичти жана аны муздак ичпөөнү эскертти.

«Уу коргошунду ысык ичүү керек, бул суусундукту муздак ичкен адам 5 мүнөткө жетпей көз жумат».

15-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар ооруканаларга барган. Ал ошондо элге кайрылып, коронавирусту 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табылганын айткан.

Кайсы бир дары-дармек медицинада колдонуу үчүн клиникалык изилдөөлөрдөн жана каттоодон өткөрүлүшү керек.

Клиникалык сыноолордо дарынын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу изилденет. Сыноодон өтпөгөн дарыны сунуштоого болбойт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 16-апрелде «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (уу коргошун — Aconítum soongáricum) чөптүн кайнатмасы боюнча расмий билдирүү таратты.

«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азыркы учурда коронавирусту дарылоо үчүн Aconítum soongáricum — «Ысык-Көл тамыры» уу коргошундун натыйжалуулугу жана коопсуздугу жөнүндө маалыматтары жок. Андай маалыматтарды алуу үчүн эл аралык стандарттарга ылайык, кайнатманын фармакологиялык касиеттерин изилдөө керек», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Мекеме сунушталып жаткан уу коргошунду өз алдынча колдонбоого жана коронавирустун белгилери пайда болсо, медициналык мекемелерден жардам суроого чакырат.

Уу коргошун. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирүү таратты

Кыргызстанда 16-апрелге карата дагы 230 адамдан коронавирус табылды. Жалпы өлкө боюнча 91 миң 374 адам коронавирус жуктурган.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен төрт бейтап каза болду, 130 адам айыкты.

Пандемия башталгандан бери 1 миң 544 адам каза болгон, 86 миң 621 киши айыгып чыккан.

15-апрелде 305 адам коронавирус менен катталып, бул акыркы төрт айда катталган учурлардын эң көбү болду.

Министр карантин киргизилбегендиктен санитардык эрежелерди сактоого чакырат. Ошондой эле эмдөөдөн өтүү керектигин айтууда.

16-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 6814 адам эмдөөдөн өттү.

Copyright © 2017 Maral FM