Биз менен байланышыңыз

Уу коргошун. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирүү таратты

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 4053 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (уу коргошун — Aconítum soongáricum) чөптүн кайнатмасы боюнча расмий билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, дары-дармекти медицинада колдонуу үчүн клиникалык изилдөөлөрдөн жана каттоодон өткөрүү дүйнө жүзүндө кеңири жайылган.

Клиникалык сыноолордо дарынын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу изилденет. Ал маалыматтардын негизинде саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган дары-дармектерди каттоодон өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Клиникалык сыноолордон өтпөгөн дарыны каттоого жана элге кеңири колдонууга сунуштоого болбойт.

«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азыркы учурда коронавирусту дарылоо үчүн Aconítum soongáricum — «Ысык-Көл тамыры» уу коргошундун натыйжалуулугу жана коопсуздугу жөнүндө маалыматтары жок. Андай маалыматтарды алуу үчүн эл аралык стандарттарга ылайык, кайнатманын фармакологиялык касиеттерин изилдөө керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Уюм сунушталып жаткан уу коргошунду өз алдынча колдонбоого жана коронавирустун белгилери пайда болсо, медициналык мекемелерден жардам суроого чакырат.

Ошондой эле коргонуу чараларына маани берүүнү өтүнөт: социалдык аралыкты сактоо, беткап тагуу, колду тез-тезден жууп туруу, дезинфекциялык каражаттарды колдонуу, имаратты желдетип туруу, оорунун белгилери байкалганда COVID-19га карата тест тапшырып туруу керек.

Бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (уу коргошун) чөптүн кайнатмасын маалымат жыйынында камера алдында ичти.

Ага 15 күндөн бери президент Садыр Жапаров кандай даярдоо керектигин көрсөтүп берген. Министрдин айтымында, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM