Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясынын кызматкерлери 43 млн сомду «кымырып алган»

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 940 | 0

Бишкек шаардык мэриясына караштуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлеринин жана шаардык кеңештин депутатынын ири долбоорлорду ишке ашыруу шылтоосу менен 43 млн сомдон ашык бюджеттик акчаны өз чөнтөгүнө жумшап койгону аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана мэриянын кызмат адамдары 2020-жылы 8-июнда «Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтом кабыл алып, үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарына арттырып калуу максатында бюджеттик акчаны мыйзамсыз эсептен чыгарышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM