Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов КМШнын медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 981 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин «Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Медалды Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешинин алкагында Орусия Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко такты.

Сыйлык парламентаризмди, моделдик жана улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө, демократияны жана конституциялык түзүлүштү бекемдөөгө, КМШ мамлекеттеринин жарандарынын укугун жана эркиндигин камсыздоого кошкон салымы үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин парламент депутаттарына, мамлекеттик-коомдук ишмерлерине, жарандарына, кызмат адамдарына жана тиешелүү органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле башка эл аралык уюмдарда эмгектенгендерге берилип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM