Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Кыргызстандан мал алууга кызыкдарлыгын билдирди

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1111 | 0

15-апрелде Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Анда өзбек тарап Кыргызстандан Өзбекстандын базарларына мал жеткирүүгө кызыктар экендигин билдирген.

Министр Аскарбек Жаныбеков 2020-жылдын 19-ноябрында тирүү малды экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгенин жана азыр ал чектөөнүн мөөнөтүн кароо боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын айтты.

Тараптар Кыргызстанга 1000 тонна буудай жана 500 тонна пахта берүү шарттарын талкуулоо менен министр мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 10 миң көчөтүн бекер жеткирип бергенин эске алып, ыраазычылыгын билдирди.

Өзбекстандын техникалык жардамы менен Кыргызстандын аймактарында күнөскана жана бакча куруу маселеси дагы талкууланды. Долбоордун концепциясы дыйкандар үчүн окутуу жана көрсөтмө блокторун курууну камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM