Биз менен байланышыңыз

Эмдөөдөн кийин көз жумду деп айтылган Шакировдун өлүмү тууралуу министр үн катты

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1283 | 0

1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда анафилактикалык шоктон улам көз жумган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.

«Тышкы иштер министрлигинин кызматкери балдар ооруканасында антибиотик сайганда анафилактикалык шоктон дүйнө салды. Муну соттук-медициналык экспертиза далилдеди. Ошондуктан мен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорун, башкы дарыгерди, ЛОР бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө учурунда убактылуу кызматтан бошоттум», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр бул окуяны биринчиден, чоң ката деп баалады. Себеби улуу кишилерди балдар ооруканасында дарылоо туура эмес болгон. Экинчиден, антибиотикти киргизерден мурун текшерүүчү анализ тапшыруусу зарыл экенин белгиледи.

Эске салсак, 1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров каза болгон. Саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперт Елена Баялинова социалдык тармакка Шакиров коронавируска каршы эмдөө алганын, бул шек жаратуучу жагдай экенин жазып чыккан. Кийинчирээк Саламаттыкты сактоо министрлиги Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган эмес. Ошондой эле министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперттеринин маалыматы боюнча, маркумдун сөөгүн текшерүүдө вакцинага мүнөздүү издер табылбаганын билдирген. Андан кийин бүгүнкү күнгө чейин дипломаттын чыныгы өлүмү себеби айтыла элек болчу.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Copyright © 2017 Maral FM