Кыргызстанда 1-июндан 31-декабрга чейин унааларды кайра каттоо боюнча улуттук кампания өткөрүү пландалууда. Тийиштүү токтом долбоору Юстиция министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Мындай чечим шаар тургундарына, айдоочуларга кандай таасир этет?
«Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Президенттин жарлыгына ылайык, Өкмөт Юстиция министрлигине автоунааларды кайра каттоодон өткөрүү үчүн жыйымдарды жоюу боюнча маселелерди чечүүнү сунуштады.
Юстиция министрлигинин айтымында, бул мамлекеттик бюджет үчүн олуттуу жоготууларга алып келет. Бүгүн, автоунааны кайра каттоодо чыккан жылын жана кыймылдаткычтын көлөмүн эске алып, жарандардан 0,3 пайыздык төлөм алынат. Себеби 2019-жылы кайра каттоодон 373 миллион 50 миң сом, 2020-жылы 92 миллион 484 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев билдирди. Ал унааларды кайра каттоонун жеңилдиктерине жана артыкчылыктарына токтолду. Белгилей кетсек, кайра каттоо — унааны бир кожоюндан экинчи кожоюнга өткөрүү жараяны.
«1-июндан тарта 31-декабрга чейин кайра каттоо салыгынан жарандарыбызды бошотуп жатабыз. Мунун баары жарандарыбызга унааларын каттоо процессин жеңилдетүү үчүн жасалууда. Пандемиядан кийин азыр кыргызстандыктар кыйналып жаткан учур болуп жатат. Ошону эске алуу менен алар үчүн бир аз болсо да жеңилдиктер каралууда. Сатуучу жана сатып алуучу ортосунда макулдашуулар болуп, кимиси мойнуна алса, кайра каттоонун чыгымдарын ошол тарап төлөйт. Айдоочулар мурдагыдай эле унаа мекемесинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө барып, бири-бирин каттоого тургузуу үчүн документтерин тапшырат, кызматкер улуттук кампаниянын эсебин алып, 0,3% төмөндөтүү болот», — деди Жеембаев.
Бишкек шаарынын тургуну Азамат Максатов мындай шарт айдоочуларга унааларын кайра каттоодон өткөрүүгө түрткү болорун айтат. Ошол эле учурда, «Коопсуз шаар» долбоорунан айып пулдар келгенде, чыныгы ээсине эмес, документтеги ээсине келет. Ушул сыяктуу түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн аябай керектүү экенин, анткен менен баа саясатында көп деле айырма болбосун белгилейт.
«Көп учурда «Коопсуз шаар» долбоорунан айып пул чыныгы ээсине келбей, документалдуу ээсине келет. Ошол бойдон анан айып пул төлөнбөйт. Ушул сыяктуу түшүнбөстүктөрдү жоюу максатында бул — жакшы шарт. Бирок менин оюмча, мында деле көп айырма болбойт, анткени унаанын номуру үчүн, машиненин күбөлүгү, кызмат көрсөтүү үчүн акча төлөнөт да баары бир. Бул жерде мамлекетке чоң пайда болот, себеби республиканын базасы жаңыланат. А бирок айдоочуларга көп деле айырма болбойт», — деди Максатов.
Ал эми жеке ишкер Адил Урдинов 1000 сом болсо да айдоочуларга жеңилдик болорун билдирди. Ал унааларды каттоодо айдоочу көбүнчө унаанын чыныгы ээсин табуу кыйынга турарын айтты.
«Көп учурда унаанын ээсин таппай калып, маселе жаралат. Мисалы, бир унааны сатып аларда, «Мен бул унааны 2-3 жыл мурун башка бир кишиден алгам, ал азыр каякта экенин билбейм, аны табуу керек», — дегендер аябай көп бизде. Ал ээсин издөөгө туура келип калат, бирок издейин десең, Мамлекеттик катоо кызматынан, же ГАИден маалымат алайын десең, алар да бере албайт. Ушундай жагдайларды жокко чыгаруу үчүн киргизилип жаткан токтом жакшы таасир берет», — деди Урдинов.
Быйыл кайра каттоо операциялардын санынын жыл сайын көбөйүшүн эске алганда, республикалык бюджетке киреше 106 миллион сомду түзөт деп күтүлүүдө. Эгерде 0,3 пайыздык жыйым жокко чыгарылса, 2021-жылдын экинчи жарымында бюджеттин жоготуулары 53 миллион сомго, андан кийин жыл сайын болжол менен 110 миллион сомго жетет.
Буга байланыштуу быйыл 1-июндан 31-декабрга чейин унааларды кайра каттоодон өткөрүү боюнча бир жолку улуттук өнөктүктү өткөрүү сунушталууда.