Биз менен байланышыңыз

ЖМК: Чыккынчылыкка шектелгендердин бири Марат Казакбаев экени айтылууда

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1342 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен эки кыргызстандыкты кармады.

Кактус медиа басылмасы кармалгандардын бири саясатчы Марат Казакбаев экенин күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-апрелде М.К. жана М.Т. аттуу жарандар мамлекетке чыккынчылык кылганы тууралуу далилдер бар экенин кабарлаган.

УКМК мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт.

Тергөө иштеринин натыйжалары боюнча кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM