Биз менен байланышыңыз

Акаев Сегизбаевге карата козголгон иш боюнча сурак берип чыкты

Кыска кабар | 14 Апр 2021 | 1140 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кечээ, 13-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыкты. Бул тууралуу Акаев журналист Али Токтакунов менен маектешип жатып айтты.

Жанар Акаев 15 күн мурда да УКМКга күбө катары суракка чакырылып, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп кол коюп берген.

УКМКнын мурдагы төрагасы, 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев 2016-жылдагы «Белизгейт» окуясы боюнча 25-январда кармалган.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура ушул жылдын 14-январында экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын кайрылуусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Мында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага жана Өмүрбек Текебаевге карата «Белизгейт» окуясы уюштурулуп, мыйзамсыз каралоо, атайылап жалаа жабуу иштери болгон деген жүйө келтирилген. Буга байланыштуу Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз аракеттерге барган деген шек менен суракка чакыртылган.

Сотко чейинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган иштер УКМКнын мурдагы төрагасынын түз көрсөтмөсү менен жасалган деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык Абдил Сегизбаев Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 25-майга чейин узарткан.

Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатат. Алар «Белизгейт» окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM