Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 557 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1165 | 0

Өлкөдө бир сутка ичинде 557 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы, мурдагы сутка 24 сааттын ичинде Кыргызстанда COVID-19га каршы бир да адам эмделбегенин маалымдаган.

Бүгүн, 13-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 2 миң 705 адам эмдөө алды. Аймактар боюнча алсак:

Бишкек шаары — 403;
Ош шаары — 384;
Чүй облусу — 353;
Ош облусу — 892;
Ысык-Көл облусу — 142;
Нарын облусу — 341;
Жалал-Абад облусу — 151;
Баткен облусу — 39.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылган.

Кытай дарыгери вакциналары эффективдүү болбой жатканын моюндады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM