Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов: Орозо айында таарынышкандар табышсын

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1195 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Төрага белгилегендей, Орозо айы тамактанууга гана чектөө киргизбестен, жаман ой, жаман жоруктардан да арылууга көмөкчү болот. Бул айдын башка айлардан башкы артыкчылыгы да ушунда.

«Бир жылда бир келген Орозо айында араздашкандар жарашып, таарынышкандар табышсын. Кемчилик кетиргендер кечиришип, кейиште жүргөндөр кубанычка бөлөнсүн. Дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, адамзат илдеттен кутулсун! Элибизди ынтымак-ырыскы ыроолосун!», — деп жазылат Мамытовдун куттуктоо телеграмасында.

Жапаров Орозо айында ушак айтуудан, жалаа жапкандан карманууга чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM