Биз менен байланышыңыз

«Мыйзамсыз иштерди президентке жакын адамдар жасашат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2021 | 1263 | 0

Мыйзамсыз иштерди президентке жакын адамдар, депутаттар, партиялар жасашат. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коом Садыр Жапаровдун командасына мурдагы президенттин кошоматчылары барып алганына нааразы.

Жапаровдо мамлекетчил көз караш күчтүү болбосо, оор болот. УКМК, кошоматчылар президентке укмуш көрүнүп калат. Жапаровдун алдында да ушундай коркунуч турат. Алдын алуу үчүн каршылаштарынын да оюн угушу керек.

Жээнбеков учурда коом экиге бөлүнүп турганын да белгиледи.

«Жапаровго кайрыларым, колдон келсе коомдун, саясатчылардын башын бириктирүү керек. Жарым жылда саясат түп-тамырынан өзгөрөт», — дейт Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM