Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 16 жаштагы Назик Уланова изделүүдө

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1815 | 0

Бишкек шаардык милициясы 2005-жылы туулган Уланова Назик Улановнага издөө жарыялады. Кыздын жоголгону тууралуу 11-апрелде Свердлов РИИБине апасы билдирген.

Маалым болгондой, Назик 7-апрелде саат 15:30 чамасында Фирсов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайтып келген эмес. Бою 160-165 см чамалуу, чачы орточо узундукта, оң бутунда күйүктөн калган так бар. Ошол күнү кара булгаары куртка, кара футболка, көк жынсы шым, ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция Уланова Назик тууралуу маалыматты билгендер болсо, 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 номуру жана «102» кызматына кабарлап коюуну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM