Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: 13-апрелде кээ бир аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1289 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоо этектериндеги райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…3, күндүз 13…18 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градус, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM