Биз менен байланышыңыз

Ошто шайлоонун жайынтыгына нааразы болгондор митинг өткөрүүдө

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1507 | 0

Ош шаарынын борбордун аянтына «Улуттар Биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Алардын айтымында, шайлоо одоно мыйзам бузуу жана добуштарды сатып алуу менен өткөн.

«Кечээки шайлоодо мыйзам бузуулар болгон. Добуштар массалык түрдө сатылып алынып жатты. Бирок жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Бир партия бардык участкалык комиссияларды көзөмөлдөгөн. Өткөн шайлоодо бийлик партиясына талапкерлигин көрсөткөн адамдар кайра келишти», — дешти митингдин катышуучулары.

Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайрадан шайлоону жарыялоо керек деп айтышууда.

Белгилей кетсек, Ош шаарында добуштардын көпчүлүгүн «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы — 47,99 пайыз менен жеңип алган.

Copyright © 2017 Maral FM