Биз менен байланышыңыз

Соцфонддун колл-борборуна түшкөн кайрылуулар көбөйүүдө

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1263 | 0

Социалдык фонддун Call-борбору 2021-жылдын январь-март айларында 10 миң 147 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын март айында Соцфонддун колл-борборуна 1076 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары сайт аркылуу 459 электрондук кайрылуу жазылган.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

«Социалдык фонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM