Биз менен байланышыңыз

Унаа катализаторлорун чет өлкөгө сатып жүргөндөр кармалды

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1353 | 0

Унаалардын катализаторун сатып алып, экспорттогон мыйзамсыз каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө, автомобиль катализаторун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, ошондой эле аларды Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасы аныкталган.

Ушул жылдын 23-февралында Литва өлкөсүнө унаа катализаторлорун экспорттоо учурунда салмагы 2 тоннага жакын аткез жүк кармалган.

Мындан сырткары 2021-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарындагы автомобиль катализаторун чогултуп жана сатып алып жүргөндөр боюнча 12 пункт табылган, ал жактан чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализатору алынган.

Азыркы учурда УКМК автомобиль катализаторлорунун көзөмөлсүз сатылып алынышын жана экспорттолушун кыскартуу, экологиялык абалды жакшыртуу максатында, мамлекеттик кызматкерлердин ушул коррупциялык схемага катышы бардыгын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM