Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарындагы шайлоо учурунда 42 мыйзам бузуу катталды

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1280 | 0

Референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын 42 бузулушу катталды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 42 мыйзам бузуунун экөө добуш сатып алуу, бирөө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, бешөө шайлоо жараянына катышуучунун укуктарын бузуу, бирөө баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү кылмышы болгон.

Ал эми 34 факт Бишкек шаардык ички иштер органдарынын маалымат реестрине жазылды. Алар боюнча иш жүргүзүлүп, мыйзам бузуу аныкталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM