Connect with us

Ош шаардык милициясына шайлоо боюнча 121 арыз катталды

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1342 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына жалпысынан шайлоо процессине байланыштуу 121 арыз жана маалымат катталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинен кечээ күнү 44 арыз катталган.

«11 факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 2 материал соттук кароого, 2 материал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Калган маалыматтар текшерилүүдө. Текшерүү учурунда тастыкталбаган материалдар өндүрүштөн кыскартылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM