Биз менен байланышыңыз

Эл аралык байкоочу: Референдум мыйзамга ылайык өткөрүлдү

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1257 | 0

Конституция боюнча референдум мыйзамга ылайык өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар тобунун төрагасы Чжан Хайчжоу билдирди.

Топтун байкоочулары Конституция боюнча референдумга даярдык жана аны өткөрүүгө байкоо жүргүздү.

«Байкоочулар Конституция боюнча референдум Кыргызстандын мыйзамына ылайык жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде өткөрүлгөнүн билдирет. Ошондой эле миссия референдум ачык-айкын жана легитимдүү болгонун маалымдайт. Күн мурун байкоочулар Бишкек жана Чүй облусундагы шайлоо тилкелерине байкоо жүргүздү. Миссиянын корутундусу жүргүзгөн байкоонун жана чогултулган материалдардын негизинде чыгарылды», — дейт ал.

Чжан Хайчжоу байкоочулар шайлоо тилкелерине саат 8:00дө келгенин белгиледи.

«Алар жалпы жонунан 50дөй тилкеде болду. Байкоочулар шайлоо тилкелеринде коомдук уюмдун, коммерциялык эмес уюмдун жана ЖМКнын кызматкерлери болушканын байкады», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдум өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM