Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлөрдө референдумга 3162 жаран добуш берди

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1309 | 0

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде референдумга 3 миң 162 жаран добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө «КР Конституциясы жөнүндө» референдум өткөрүлдү.

Министрликтин жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында өлкө чегинен сырткаркы шайлоочулардын тизмеси 9117 жаранга көбөйүп, жалпысынан 58 миң 598ди түздү. Мунун негизинде 28 чет өлкөдө 48 шайлоо тилкеси ачылды.

Чет өлкөдөгү добушканалардан эң биринчи Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3:00дө Түштүк Сахалин шаарындагы шайлоо тилкеси ачылган. Акыркы болуп Вашингтон шаарындагы шайлоо тилкеси 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 06:00дө өз ишин аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM