Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада бир да бейтап эмдөө алган жок

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1241 | 0

Акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда COVID-19га каршы бир да адам эмделген жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кыматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 2 миң 148 адам эмдөөдөн өттү. Алар:

  • Бишкек шаарында — 350
  • Ош шаарында — 349
  • Чүй облусунда — 239
  • Ош облусунда — 724
  • Ысык-Көл облусунда — 119
  • Нарын облусунда — 310
  • Жалал-Абад облусунда — 40
  • Баткен облусунда — 17

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM