Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Ак Мөөр» опера-дастанынын бет ачары өтөт

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1551 | 0

Бишкекте Кыргыз эл артисти Жумакадыр Каныметовдун «Ак Мөөр» опера-дастанынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, спектакль 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Учурда театр тарабынан даярдык иштери жүрүүдө.

Ак Мөөрдүн ролун – эл аралык сынактардын лауреаты Айзирек Момунова, Болоттун ролун – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев, Жантай хандын ролун – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайымбек Кускаков, Күлүйпанын ролун — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Ниязбаева, Ажалдын элесин – Салима Маматова, Бугу-Эненин ролун – Бактыгүл Бокоева, жарчынын ролун – Мурат Дербишалиев, Жаштыктын элесин – Анипа Ибраева ойнойт. 2 көшөгөлүү опера–дастан музыкалык драма стилинде коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM