Соңку суткада өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 16 бөлүм тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт чыккан облус-шаарлар:
— Бишкек шаарында — 2,
— Жалал-Абад облусунда — 2,
— Талас облусунда — 3,
— Нарын облусунда — 1,
— Баткен облусунда — 2,
— Чүй облусунда — 4 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон — Чүй облусунда 1 жол кырсыгы, 1 адамды жардан түшүрүү, Ош шаарында 1 эшик ачуу, Ысык-Көл облусунда 1 издөө иши аткарылган.