Биз менен байланышыңыз

«Жүк-200дү» Кыргызстанга жеткирүү 30 миң сомдон 18 миң долларга чейин чыгышы мүмкүн

Кыска кабар | 12 Апр 2021 | 1411 | 0

Тышкы иштер министрлиги «Чет жерде каза тапкан мекендештердин жасатын Кыргызстанга алып келүү үчүн кенемтенин өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтомду коомдук талкууга чыгарды.

Документ Президенттин «Чет жерде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү тартиби жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда сөөк узатуу процедураларынын механизмдерин иштеп чыгуу, жакын туугандарынын же каза тапкандын жасатын алып келүүгө жооптуу адамдардын чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку кенемтенин өлчөмүн аныктоо Өкмөткө тапшырылган.

Министрлик жасатты туулган жерине жеткирүү чыгымы өлкө жана шаар боюнча бир топ айырмаланып, 30 миң сомдон 18 миң долларга чейин жетерин айтат. Андыктан маркум каза тапкан өлкөнүн алыс-жакынына жараша чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр белгилеп берген сумманын төмөнкү чегин алып, кенемте катары бекитүү сунушталды.

Кенемте алуу үчүн бир гана документ — өлгөндүгү тууралуу маалымкат же күбөлүк талап кылынат. Каражатты Кыргызстандын аймагында да, чет мамлекеттердин аймагында да төлөө сунушталууда.

Долбоордо арыз берүү мөөнөтүн каза болгон күндөн тартып 3 айдан 6 айга чейин көбөйтүү каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM