Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштөөдө

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1340 | 0

Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 11-апрелде каттамга 73 автобус, 111 троллейбус, 860 кичи автобус чыкты.

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүүдө. Добушканалар саат 8.00дө ачылган, кечки саат 20.00дө жабылат.

Өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси ачылган.

Бүгүн 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат.

Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM