Биз менен байланышыңыз

БАЭде биринчи жолу аял астронавт космоско учат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1471 | 0

Бириккен Араб Эмираттары космоско жөнөтүлө турган кийинки 2 астронавттын ысымын жарыялады. 4 миң талапкердин арасынан тандалып алынган космонавттардын бири — аял. Ал космоско жол салган биринчи араб айымы болот.

БАЭнин премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум тандалган келечектеги космонавттар — Мухаммед аль-Мулла жана Нура аль-Матруш — жакында НАСАнын астронавттарды даярдоо программасына кошуларын билдирди.

2019-жылдын 25-сентябрында БАЭнин биринчи астронавты Хазза аль-Мансури «Байкоңур» космодромунан «Союз-ФГ» ракетасы менен космоско учуп кеткен. Учуу учурунда аны орусиялык Олег Скрипочка жана америкалык Жессика Мур коштогон.

Эл аралык космос станциясында 8 күн жүргөндөн кийин, аль-Мансури 3-октябрда орусиялык Алексей Овчин жана америкалык Ник Хейг менен кошо «Союз МС-12» космос кемесинде Жерге кайтып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM