Биз менен байланышыңыз

Парламент төрагасы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1238 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берди.

Талант Мамытов Бишкек шаарындагы «Белек» маданий-оюн зоок борборунда жайгашкан № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты.

Бүгүн өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30%ы катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM