Биз менен байланышыңыз

Саат 10:00гө карата референдумга 5% шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1379 | 0

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүүгө катышкандардын саны саат 10.00гө карата 181 миң 801 адам болду.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Референдумга добуш берүүгө катышуу Бишкек шаарында эң төмөн болууда, ал 3,20 пайызды түзөт.

Ал эми Ош шаарында катышуу эң активдүү болуп жатат. Катышуу саат 10.00гө карата 7,90 пайызды түздү.

Аймактар боюнча алганда референдумга Бишкекте — 13 миң 458, Ош шаарында — 12 миң 65, Жалал-Абад облусунда — 42 миң 576, Ысык-Көл облусунда — 13 миң 661, Нарын облусунда — 10 миң 383, Ош облусунда — 42 миң 158, Талас облусунда — 8 миң 409, Чүй облусунда — 22 миң 426, Баткен облусунда — 16 миң 292 жана чет өлкөлөрдө 373 жаран добуш берди.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM