Биз менен байланышыңыз

Жапаров: 30 жыл башкалардын Конституциясын көчүрүп, жашап келдик

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1816 | 0

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум үчүн добуш берип, андан кийин сөз сүйлөдү. Ал анда элди шайлоого активдүү катышууга чакырып, Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн Конституциясын кабыл алып жатканын айтты.

«Бүгүн жалпы элдик референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтүп жатат. Мен сиздерди активдүү катышып берүүңүздөрдү суранам. 30 жыл аралыгында биздин Конституциябызга көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок биз кайсы бир мамлекеттен же болбосо кайсы бир булактардан Конституциянын долбоорун көчүрүп жазып алып, ошону менен 30 жыл жашап келдик.

Биринчи жолу Конституциянын долбоорун биздин аксакалдардын, академиктердин, юридика илимдеринин докторлорунун, 100гө жакын адамдын катышуусунда биринчи жолу өзүбүз иштеп чыгып, ачык талкуу менен даярдап чыккан Конституциянын долбооорун кабыл алуу алдында турабыз. Эгер бүгүн бул долбоорду эл колдоп берсе, эртеңден баштап жаңы Конституциянын долбоору менен жашап баштайбыз«.

11-апрелде президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берди. Ал Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM