Биз менен байланышыңыз

Ташкентте 2450 кыргызстандык шайлоого катышат

Без рубрики , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1529 | 0

«КР Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун алкагында саат 08:00дө Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигиндеги №9025 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды.

Элчиликтен билдиришкендей, шайлоо участкасы саат 20:00гө чейин иштейт.

Ташкент шаарындагы Кыргызстандын шайлоо тилкесине 2450 кыргызстандык шайлоочу катталган.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү саат 08.00дө башталды.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Copyright © 2017 Maral FM