Бишкектин көчөлөрүнүн биринен 27 жаштагы Айзада Канабекованы уурдоого шектелип кармалгандардын баары №1 тергөө абагына камакка алынды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандар 7-июнга чейин камакта болот. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков кабарлады.
5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болгону 7-апрель күнү маалым болду.
Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан.
Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, Ички иштер министринин отставкасын талап кылган эл кечээ, 8-апрелде митингге чыккан. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздардын коопсуздугу учурда кескин чараларды талап кылууда.
Ала качуудан өмүрү кыйылган Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Ал таята-таенесинин колунда чоңойгон. Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.