Биз менен байланышыңыз

11-апрель бүткүл дүйнөлүк паркинсон менен күрөшүү күнү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1422 | 0

11-апрель Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) демилгеси менен бүткүл дүйнөлүк паркинсон дарты менен күрөшүү күнү белгиленип келет. Бул күн — оору жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, бейтаптарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү, ошондой эле ооруну жеңүүгө көмөктөшүү максатында өткөрүлөт.

Дүйнөлүк күндүн 11-апрелге тандалып калышы да бекеринен эмес. Джеймс Паркинсон 1755-жылы 11-апрелде жарык дүйнөгө келген.

1755-1824 жылдары жашаган англиялык изилдөөчү,  дарыгер — азыр анын ысымын алып жүргөн илдет тууралуу биринчи жолу сүрөттөп, иликтөөгө алган.

Паркинсондун атасы Лондондо тажрыйбалуу хирург болгон. Джеймс өзү дагы хирург даражасын алып, атасы менен кошо «Паркинсон жана анын уулу» деп аталган илимий тажрыйбалык ишин жүргүзөн. 1799-1807-жылдары Жеймс Паркинсон медициналык темада кыскача билдирүүлөрдүн сериясын жарыялаган. Оорунун алты учурун сүрөттөп, жазган жана ал паркинсон иледети менен ооруган  бейтаптардын үчөөсүн Лондондун көчөлөрүнөн жолуктурган. Джеймс Паркинсон — алдыңкы симптомдорду бөлүп кароого жана оорунун өнүгүү себептерин, механизмдерин табууга аракет кылып, атүгүл анын дарылоо жолдорун сунуштаган алгачы иликтөөчү дарыгер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM